Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттарда жээкке кирүү үчүн акы алган учурлар иликтенип жатат. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү атайын штаб түзүлгөнүн билдирди.
Ага ылайык, эс алуу жайларындагы жана пансионаттардагы мыйзам бузууларды, анын ичинде эс алуучу объектилерге кирүүгө акы алынган учурларга байланыштуу текшерүүлөр жүрүүдө.
Айрыкча, жарандардын көл жээгинде эркин жана тоскоолдуксуз жүрүү укуктарын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



