Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май импорттоо боюнча Өзбекстанга кайрылуусуна жооп алды. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, өзбек бийлиги Кыргызстанга май сатууга оң жооп берди. Кыргыз өкмөтү казак бийлигинен жооп күтүүдө.
Министрлик июнь айынын башында күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Россия, Беларус, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кытай менен Беларус Бишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук бергенин, алгачкы келишимдер түзүлүп, жеткирүү башталганын билдирген.



