Өзбекстандын Анжиян шаарында беш эм төрөлдү

Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 6-июлда Кайрагачташ маалесинин тургуну көп түйүлдүктүү кош бойлуулук диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Натыйжада үч кыз жана эки эркек бала жарык дүйнөгө келди.

 

Учурда келин жана ымыркайлар Эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча республикалык адистештирилген илимий-практикалык медициналык борборунун аймактык филиалына которулду.

 

Аялдын жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.