Өзбекстан менен чек араларды демаркациялоо маалында мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген эки айыл жашоочулары менен кошо (болжол менен 2500 адам) Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, мурда Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төпе айылдарында этникалык кыргыздар жашайт.
Эми бул эки айылда каттоо иштери жүрүп, жашоочуларына Кыргызстандын жарандыгы берилет.
Бул айылдардын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер бергени кабарланды.
Мындан тышкары, Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар жер алмашылганы айтылды.



