Өзгөчө абал учурунда банктарга өтө зарыл болгон учурларда гана барууга болот.
Ал үчүн жаран жанына алып жүрүүгө милдеттүү болгон маршруттук баракчанын
үлгүсүн көрсөтүшү керек. Күндүз дарыканага, азык-түлүк дүкөнүнө жана
ооруканага гана чыкса болот. Көчөдө жүрүүдө жарандын жанында өздүгүн
тастыктаган документ жана маршруттук баракча болушу шарт.