Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы кооптуу тилкелерде көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу министрдин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди. Анын айтымында, бир дагы кооптуу аймак кароосуз калбайт.
Адистер катуу шамал, жаан, көчкү, сел, таш түшүү, суу каптоо жана башка жаратылыш кырсыктары болушу мүмкүн деген жерлерди тынбай мониторинг жүргүзөт. Алдын алуу жана көзөмөлдөө иштери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте өлкөнүн бардык аймактарында жүрүүдө.



