Өзгөн райондук сотунун жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Заманбап имарат мамлекеттик каржылоо менен курулуп, жалпы аянты 6 миң 345 чарчы метр жер тилкесинде жайгашат. Ал эми имараттын өзү 2 миң 760 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат.
Мында 50дөн ашуун бөлмө, 8 сот залы жана судьялар үчүн бардык шарттар каралган кызматтык бөлмөлөр болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



