Өзгөндө 225 орундуу заманбап мектеп курулууда

Өзгөн районундагы Кандава айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда.

 

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, үч блоктон турган мектепте үч кабаттуу окуу корпусу, ашкана, китепкана жана спорт залы болот.

 

Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Учурда бетон орнотуу иштери аяктап, дубалы тургузулууда.