Жергиликтүү бийликтен маалым болгондой, жаңы соода комплекси шаардын сыртындагы дээрлик 14 гектар жер тилкесине жайгашууда. Анда соода жайларынан тышкары көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай, банктар, кафе жана туристтер үчүн өзүнчө аймак каралган.
Объект пайдаланууга берилгенден кийин жергиликтүү бюджетке ай сайын 10 миллион сомго чейин каражат түшүп, миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлөт деп күтүлүүдө.
Эски базар 23 жылдан бери башаламан соода, жол тыгындары жана санитардык, өрт коопсуздугу талаптарына жооп бербегени үчүн көйгөй жаратып келген. Анын ордуна турак үйлөр жана эс алуучу жайлар курулат.



