Өзгөндө Айкөл Манастын эстелиги ачылды

Өзгөн шаарынын борбордук аянтында Айкөл Манастын айкели ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Манастын эстелигинин бийиктиги 3 метр 65 см, туурасы 1 метр 60 смди түзөт.

 

Айкелди жасоо үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сомдон ашык бөлүнгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.