“Жөндөмдөр кербени” Кыргызстандын бардык аймактарына барат

“Жөндөмдөр кербени” Кыргызстандын бардык аймактарына барат. Акция ушул айдын аягына чейин уланат. Анын алкагында алыскы айылдардын тургундары заманбап кесиптер менен тааныша алат.

 

Катышуучулар ашпозчулук, тигүү, ширетүү, 3D — басуу жана мобилография боюнча чеберчилик-класстарга катышса болот. Ошондой эле иш берүүчүлөр жана билим берүү борборлорунун өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулат. Акция 6 облустагы 12 калк жашаган түйүндү камтыйт.