Жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик система ишке кирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды онлайн тапшыра алышат.
Лицензия алуу үчүн тиркемеде идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп жана керектүү документтерди жүктөө жетиштүү. Эске салсак, 1-июлдан тарта лицензиясы жок жүргүнчү ташыган жеке жактарга 7 миң 500 сом, юридикалык тараптарга 23 миң сом айып салынат.



