Жаңы окуу жылына карата 81 мектеп пайдаланууга берилди

Жаңы окуу жылына карата жалпы республика боюнча 81 мектептин курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 40 объект жаңы курулуп, 41 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

 

Жыл аягына чейин 58 мектеп пайдаланууга берилет.