Жаңы окуу жылында 6–11-класстын окуучулары ишемби күндөрү да окушат

Жаңы окуу жылында 6–11-класстын окуучулары ишемби күндөрү да окушат.

 

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, буга окуу жылынын 15-сентябрда башталып, 25-майда аякташы себеп болууда.

 

Окуу программасын толук өздөштүрүү үчүн жалпысынан сегиз кошумча окуу ишембиси каралган. Алардын графигин мектептер өз алдынча түзүшөт. Ал эми 1–5-класстын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумасы өзгөрүүсүз калат.