Жаңы окуу жылында мектеп формасына коюлган талаптар өзгөргөн жок.
Агартуу министрлиги ата-энелер балдарынын кийимин өздөрү тандай турганын, бирок ал белгиленген талаптарга жооп бериши керектигин эскертти: үстү ачык түстө, асты кочкул түстө болушу зарыл.
Кыздарга классикалык стилдеги блузка, юбка, шым, көйнөк, жилет, пиджак жана фартукка уруксат берилет. Балдар үчүн көйнөк, шым, жилет жана пиджак каралган. Ошол эле учурда мектептер ата-энелерден белгилүү бир форманы сатып алууну талап кыла албайт жана кошумча чектөөлөрдү киргизбейт.



