Жакынкы күндөрү Бишкектин дагы үч көчөсүндө автобустар үчүн өзүнчө тилке ачылат

Жакынкы күндөрү Бишкектин дагы үч көчөсүндө автобустар үчүн өзүнчө тилке ачылат.

 

Алар Абдрахманов/Байтик баатыр, Чүй жана Курманжан датка/7-Апрель көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө уюштурулат.

 

Андан тышкары, Киев көчөсүндө да автобус тилкелери, веложолдор жана тротуарлар курулат. Бул максатта Азия өнүктүрүү банкы каражат бөлүп берет.