“Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу кийинки жылы аяктайт

“Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу кийинки жылы аяктайт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев билдирди.

 

Анын айтымында, аэропорт Сузак районунда курулууда. Учуп-конуу тилкесинин узундугу 3 миң 800 метрди түзөт. Жаңы аба майданда саатына  350 жүргүнчүнү тейлей алган үч кабаттуу терминал болот.

 

Аэропорттун курулушу үчүн Багыш айыл аймагынан 380 гектар жер бөлүнгөн.