Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Ак-Тайлак айылында сел жүрүп, унааларды агызып кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Ак-Тайлак айылында сел жүрүп, унааларды агызып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, түштөн кийин мөндүр аралаш жааган жаан сел жүрүүгө алып келди.

 

Суу бир үйдүн короосун каптап, 2 унаа агып кетти. Андан тышкары, көпүрө талкаланды. Жабыркагандар жок. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат.