Жалал-Абад облусунда 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Андан тышкары, 2026-жылга коюлган планга ылайык, 5 көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатуу пландалууда.
Кубаттуулук жогорулатуу иштери каскаддык ыкма менен аткарылып, тармактын ишенимдүүлүгүн күчөтүүгө жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталды.



