Жалал-Абад облусунда Үч-Коргон ГЭСинин курулушу уланууда.
Долбоорду кытайлык компания ишке ашырып, учурда жеринде 100дөн ашык адис эмгектенет. Станциянын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында негизги жабдуулар жаңыртылып жатат.
Төрт гидроагрегаттын экөөсү модернизациядан өтүүдө. Реконструкция иштери аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 220 мегаваттка жетет. Жумуштар график боюнча жрп, ушул жылдын аягына чейин жыйынтыкталат деп күтүлүүдө.



