Жалал-Абад облусунда ипотекага турак-жай алууга кезекке тургандарга караганда, курулуп жаткан батирлердин саны көп.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева билдиргендей, Бишкекте батир алуу үчүн кезекке тургандардын саны көп болгондуктан, борбордо 17 миңден ашык батир курулууда.
Ал эми Жалал-Абад облусунда 11 миң 204 батир салынып жатат, бирок кезекте анча жаран жок. Учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында турак жай алууга кезекте 50 миңден ашуун жаран катталган.



