Жалал-Абад облусунда селден жабыркаган райондор текшерилип жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, сел буга чейин нөшөрлөп жааган жаандан кийин Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука райондорунда жана Манас шаарында жүргөн.
Ведомство адистери жергиликтүү бийлик менен биргеликте кайра калыбына келтирүү иштеринин көлөмүн аныктоодо. Ошондой эле кооптуу делген тилкелерде күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүп жатат. Дарыялардын жээктери бекемделип, сел жүрүү коркунучун алдын алуу иштери жүрүүдө.



