Жалал-Абад облусунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Жалал-Абад облусунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект 500 орунга чакталып, Дөмөр айылында жайгашат.

 

Имаратта негизги окуу класстары, акты жана спорт залдары каралган. Мектептин курулушуна 158 миллион сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.