Жалал-Абадда 7,3 миң гектардан ашуун аянтты чегиртке каптады

Жалал-Абад облусунда 7 миң 320 гектар аянтты зыянкеч чегиртке каптады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы кабарлады.

 

Аталган мекеме быйыл зыянкечтер эрте пайда болгондуктан адистер 11 миң 530 гектар жайыт аянтын текшерүүдөн өткөрүшкөнүн билдирди.

 

«Учурда чегирткенин жайылышын алдын алуу максатында химиялык иштетүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Дезинфекциялоо иш-чаралары Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда 5 даана атайын техника менен аткарылууда», — деп айтылат маалыматта.

 

Ошондой эле буга чейин Ош облусунун райондорунда да тиешелүү иштер жүргүзүлгөнү кабарланды.