Жалал-Абадда сел жүрүп, жаш баланын өмүрү кыйылды

Жалал-Абадда сел жүрүп, жаш баланын өмүрү кыйылды.

 

“Азаттыкка” жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, кечээ Кочкор-Атада нөшөрлөгөн жаандан кийин Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттон суу агып, сел жүрдү.

 

10 жаштагы өспүрүм селге агып кеткени маалымдалды. Жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, сел каптаган аймактагы тургундар эвакуцияланууда.