Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өтөт

Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Сынак эки этапка бөлүнөт. Катталууга үлгүрбөй калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо күндөрү каралган — 17-май, 21-май жана 19-июнь.

 

Алар үчүн уюштурулган ЖРТнын үчүнчү этабы   20, 21, 22-июнда өтөт.