Жалпы республикалык тестирлөөнүн алдында Билим берүү министрлиги катышуучуларга эрежелерди сактоо керектигин эскертет

Жалпы республикалык тестирлөөнүн алдында Билим берүү министрлиги катышуучуларга эрежелерди сактоо керектигин эскертет. Ведомстводон такташкандай, абитуриенттин жанында документи, талону, калемсап, тест материалы гана болушу керек.

 

Башка буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат. Андай уруксат берилбеген буюмдар аныкталса, абитуриент сынактан четтетилиши дагы мүмкүн, — дешет министрликтен. Белгилеп кетсек, телефон, планшет, электрондук саат жана башка гаджеттерге дагы тыюу салынат.

 

Жалпы республикалык тестирлөө эртең башталат.