Жаратылыш министрлиги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүүдө

Жаратылыш министрлиги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүүдө. Ведомство маалыматына ылайык, атайын жабдууларды жана транспорт сатып алуу пландалып жатат.

 

Алсак, түтүн ченөөчү шаймандар алынат — алар унаадан чыккан түтүндүн зыяндуу деңгээлин аныктайт. Квадрокоптерлер — зыян заттарды чыгаруу булактарын аныктоого колдонулса, электромобилдер инспекциялык рейддерге чыгарылат. Бул чаралар абанын сапатын жакшыртууга шарт түзөт деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.