Жарым жылда дээрлик 279 миң унаа камсыздандырылды

Быйылкы жылдын башынан бери ОСАГО боюнча келишимдердин саны кескин көбөйдү: учурда өлкөдөгү автоунаалардын дээрлик 17% камсыздандырылган, былтыр бул көрсөткүч болгону 4,5% болчу.

 

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, быйыл 23 миллион сомго төлөмдөр жүргүзүлдү.

 

Эске салсак, 1-июлдан тарта ОСАГО полиси жок айдоочуларга айып пул салынат. Анын өлчөмү жеке жактарга үч миң сом, юридикалык тараптарга 13 миң сомду түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.