Жашы жете электерди антикинотеатрларга киргизүүгө тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда жашы жете элек балдардын түнкүсүн жалгыз-жарымдап антикафе жана антикинотеатрларга барышына тыюу салуу сунушталды.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда өспүрүмдөр мындай жайларга көп бара турганы айтылган.

 

Мекеме алардын көбү күндүр-түндүр иштеп, ичинен кулпуланган “купуя бөлмөлөрү” бар экенин белгилеген.