Жазгы каникул төрт күнгө узартылып, окуу жылы 29-майда аяктамай болду

Жазгы каникул төрт күнгө узартылып, окуу жылы 29-майда аяктамай болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, мындай чечим ата-энелердин кайрылуусун эске алуу менен кабыл алынган.

 

Ага ылайык, мектеп окуучулары 2-марттан 7-мартка чейин эс алышат. Бирок бир жылдагы 34 жумалык программаны толтуруу үчүн окуу жылын узартуу чечими кабыл алынды. Мындан улам быйыл окуу жылы 25-майда эмес, 29-майда аяктайт.