Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик иш графигин өзгөрттү

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалы иш графигин өзгөрттү.

 

Ведомствонун маалыматына ылайык, эми жарандарды кабыл алуу күн сайын таңкы саат 7ден кечки 6га чейин жүргүзүлөт. Дем алыш күндөрү болсо саат 10дон 4кө чейин иштейт.

 

Бул чечим кезектерди кыскартуу жана күтүү убактысын азайтуу максатында кабыл алынды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.