Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматка жаңы жетекчи дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору болуп Азамат Саралаев дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Азамат Саралаев 1991-жылы туулган, жогорку билимдүү.

2022-жылдын март айынан бери Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматта директордун орун басары болуп иштеп жаткан.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.