Өлкөдө 11-майдан тарта жергиликтүү бийлик эл менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара ар бир айыл өкмөттө уюштурулат.
Ал эми октябрь-ноябрь айларында ушундай эле форматтагы жолугушуулар губернаторлор, облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү жана башка мекеме жетекчилердин катышуусунда уланат.



