Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш бере тургандардын арыздарын кабыл алуу түйүндөрү ачылды. Боршайкомдон билдиришкендей, төрт участок Бишкекте ачылса, бирден тилкелер Баткен, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Нарын жана Таласта иштеп жатат.
Андан тышкары, шайлоочулар тиешелүү арызды калкты каттоо борборлорунан берсе болот.
Аралыктан добуш берүүнү каалагандар бул боюнча 1-ноябрга чейин кайрылышы керек. Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



