Жергиликтүү зергерлерге алтын арзан сатылат

Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды. Ага ылайык, зергерлик буюмдарды жасоочу ишканаларга алтын Лондон баалуу металлдар рыногунун фиксингинен 2 пайыз арзандатуу менен жүргүзүлөт. Баалар бүтүм түзүлгөн күндөн бир күн мурунку Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксингинин негизинде, Улуттук банктын курсу боюнча сом менен бекитилет.

 

Жергиликтүү зергерлик өндүрүштү колдоо максатында Каржы министрлигине токтомду ишке ашыруу үчүн тийиштүү каражат бөлүп берүү тапшырылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.