Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жаңы мектептин курулушу аяктады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 500 окуучуга ылайыкталган мектеп үч блоктон турат.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 226 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылынан тарта каалгасын ачат.



