
Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында 140 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу уланууда. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 110 млн сомду түзөт.
Учурда курулуш иштеринин 46 пайызы аткарылып, ички курулуш-монтаждоо иштерин баштоо алдында турат. Жаңы бакчада балдардын тарбиялык сабак өтүүчү, уктоочу жана дарыгердин бөлмөлөрү заманбап шартта жабдылат.


