ЖК комитети Жер кодексине жана инвестициялар боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Документ инвестициялык долбоорлор үчүн мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди берүү тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Ага ылайык, улуттук жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор үчүн жер тилкелерин акысыз пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Жер инвесторго 10 жылга берилип, милдеттенмелер аткарылса, мөөнөтү 25 же 50 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Милдеттенмелер аткарылбаса, жерди мөөнөтүнөн мурда кайтарып алуу каралат.



