ЖККУ саммитине байланыштуу милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Ички иштер министрлигинен билдиришкенде, коомдук тартипти камсыздоого Бишкек жана Чүй гарнизондорунан 4 миңден ашык милиционер тартылды.
Ошондой эле ар кандай чукул кырдаалдарга ыкчам таасир берүү боюнча чаралар күчөтүлдү. Транспорттук жүктөмдү азайтуу максатында мектептер жана жогорку окуу жайлар онлайн окутууга өттү. Министрлик жарандарды абалды түшүнүү менен кабыл алып, милициянын талаптарын аткарууга чакырат. Эске салсак, ЖККУ отуруму Бишкекте 27-ноябрда өтөт.



