Жогорку Кеңеш БШКнын жаңы курамын шайлады.
Президент Садыр Жапаров Боршайкомдун мүчөлүгүнө Алмаз Айбалаевди, Русланбек Жакышевди, Бөдөш Мамырованы жана Миргүл Темирбаеваны көрсөткөн.
Ал эми депутаттык топтор Тынчтык Шайназаровдун, Сүйүнбек Касмамбетовдун, Лейла Лурованын жана Тимур Оторбаевдин талапкерлигин жылдырган. Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров БШКнын мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу тууралуу мыйзамга кол койгон.



