Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады. Мыйзам долбоору дароо үч окууда бир каралып, 85 депутаттан бирөө каршы болуп, калганы макул деп добуш берди.

 

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 1 миң 84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен.

 

Ал эми калган 487 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан.