Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

 

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Боршайкомдун маалыматы боюнча, үгүт өнөктүгү 29-ноябрда эртең мененки саат 8де аяктайт.

 

Белгилеп кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 5 жылдык мөөнөткө мажоритардык система менен көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. 30 көп мандаттуу шайлоо округунун ар биринен Жогорку Кеңештин үчтөн депутаты мандат алат. Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш бере алат.