Министрлер кабинети мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку окуу жайларындагы бюджеттик орундардын санын көбөйтүүнү пландоодо. Ага ылайык, өлкөнүн ар бир районунан ЖРТдан эң жогорку упай алган, аттестатында мыкты баалары бар жана олимпиадалардын жеңүүчүсү болгон беш бүтүрүүчү бакалавриатта же адистик боюнча акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Демилге айыл жаштарынын жогорку билимге жетүүсүнө бирдей шарт түзүү, кадр тартыштыгын азайтуу жана жаш адистерди туулуп-өскөн райондоруна кайтып барып иштөөгө кызыктыруу максатын көздөйт.



