Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы декабрдын ортосунда белгилүү болот. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, тестирлөөнүн өзү 22-24-ноябрда Бишкек, Ош шаарларында өттү.
Ага 700дөн ашык абитуриент катышты. Эске салсак, кышкы кабыл алуу бир гана контракттык негизде окууга жүргүзүлөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



