Жогорку сот процесстерде онлайн-трансляцияны киргизди

Жогорку сот процесстерде онлайн-трансляцияны киргизди.

 

Бул тууралуу соттук органдын төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев билдирди. Анын айтымында, эфирлерди өткөрүүдө адамдын укуктары сакталат.

 

Эгер иштин катышуучусу ачыктыкты каалабаса, жазуу жүргүзүлбөйт. Трансляцияны жогорку соттун социалдык тармактардагы баракчаларынан көрсө болот. Ал тараптардын макулдашуусу менен ишке ашат.