Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери камсыздандыруу полистерин онлайн режимде ала алат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, аны cabinet.salyk.kg сайтынын “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” бөлүмүндө алса болот.
Эске салсак, аталган парктардын резиденттери камсыздандыруу полистерин алуу менен орточо айлыктын 12 пайызын камсыздандыруу төлөмү катары берет.



