Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында ваучердик каржылоо механизми сыналат

Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында ваучердик каржылоо механизми сыналат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

 

Механизм 2025-2026-окуу жылында ишке ашырылып, Баткен облусунан башка аймактарда педагогикалык адистиктер боюнча жүргүзүлөт.

 

Билим берүү министрлигине 2026-жылдын 1-сентябрына чейин пилоттук апробациянын жыйынтыгын чыгарып, президенттик администрацияга сунуштарды берүү тапшырылды. Ваучердик системада — мамлекет каражатты билим берүү мекемесине эмес, ар бир окуучуга бөлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.