Жол инспекторлору Бишкектин Түштүк магистралы аркылуу атайын тилкеде коомдук транспорт гана жүрө турганын эскертет

Жол инспекторлору Бишкектин Түштүк магистралы аркылуу атайын тилкеде коомдук транспорт гана жүрө турганын эскертет.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, магистралдын Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин түшүрүлгөн сары сызык аймагында унаалар жайында кечки саат 9дан эртең мененки 7ге чейин, кышында кечки 8ден эртең мененки 8ге чейин гана жүрө алат.

 

Калган учурда ал жактан коомдук транспорт гана каттайт. Азырынча мындай чектөө Токомбаев көчөсүндө, башкача айтканда түштүк магистралда гана иштейт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.