Жол инспекторлору күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мындай чара кескин суук болгонуна байланыштуу кабыл алынды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору транспорт агымын жөнгө салып, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, унаалардын техникалык абалын текшерип жатат.
Өзгөчө көңүл Бишкек — Нарын — Торугарт жана Бишкек — Ош трассаларына бөлүнүүдө. Айдоочуларга жол эрежелерин бузбай, ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактап жүрүү сунушталат.



